И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда III эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

2025-жылдын 17-апрелинде И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда "Жалпы техникалык дисциплиналардагы инноватика" аттуу III эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын максаты-жаш муундун жана болочок адистердин илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү.
Конференциянын программасы пленардык отурумду жана параллелдик секцияларда, тегерек столдордо жана мастер-класстарда иштөөнү камтыды. Катышуучулар билим берүүнү санариптештирүү, инженердик даярдоодогу жаңы методикалар, техникалык чыгармачылык жана студенттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү сыяктуу темаларды козгогон докладдарды жана изилдөө долбоорлорун сунушташты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын илимий ишмердүүлүгүнө дем берүүгө жана колдоого, студенттер менен магистранттардын ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт, ошондой эле жаштардын инновациялык потенциалын ишке ашырууга шарт түзөт.