
Жолугушуунун жүрүшү
Жолугушуунун жүрүшүндө Данияр Бостонов өлкөдөгү жарандык авиациянын өнүгүүсү Президент Садыр Жапаровдун өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары учуулардын коопсуздугун жогорулатууга жана аба транспорту тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформалар активдүү ишке ашырылып келет.
Ведомствонун башчысы Кыргызстанды Европа Биримдигинин «коопсуздук тизмесинен» чыгаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып өттү. Бул боюнча Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрү Брюсселде өткөн жыйынга катышышкан. Ал эми келерки жылы Еврокомиссиянын акыркы аудити күтүлүүдө. Акыркы чечим 2026-жылы кабыл алынат деп пландалууда.
Данияр Бостонов Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен ийгиликтүү өткөнүн жана аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөткөнүн баса белгиледи.
Фотогалерея





