И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө бүтүрүүчү топтордун студенттери менен жыйын өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу процессин жыйынтыктоого жана студенттерди мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоого байланыштуу негизги маселелер талкууланды. Ошондой эле теориялык даярдык, квалификациялык практикаларды уюштуруу жана өтөө, окуу тартибин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында академиялык ак ниеттүүлүк принциптерине өзгөчө басым жасалды. Студенттерге плагиатка жана көчүрүп жазууга жол берилбестиги, ошондой эле өзүнүн окуу натыйжалары үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдык көрүү, практикалык окуудан өтүү жана белгиленген талаптарды сактоо боюнча керектүү маалыматтарды алышты.