2024-жылдын 29-ноябрында КАИ кызматкерлери жана студенттери Маловодное айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулук балдардын реабилитациялык борборуна барышты. Борбордун окуучуларына акчалай жардамдар азык-түлүк, кийим-кече, оюнчук, таттуулар берилип, окуучуларыбыз тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен чакан концерттик программа тартууланды. Маалымат үчүн: 1992-жылдан бери БУУнун колдоосу астында өткөрүлүп келе жаткан Эл аралык майыптар күнү жыл сайын 3-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленип келет. Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык инклюзивациялоо менен байланышкан орчундуу маселелерди колдоону мобилизациялоо, майыптар туш болгон көйгөйлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана бардыгы үчүн инклюзивдүү жана жеткиликтүү коомдун артыкчылыктарын көрсөтүү максатында белгиленет.

35808fe925ee1e175bb24b7a375b49d0.jpg

0a44c1b2c9b5973c2af53d09ba5d7654.jpg

68464cc84457bf0b349c73b5590f18ce.jpg