Иш-чаралар
cover image
2024-жылдын 29-ноябрында КАИ кызматкерлери жана студенттери Маловодное айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулук балдардын реабилитациялык борборуна барышты — Борбордун окуучуларына азык-түлүк, кийим-кече, оюнчук, таттуулар берилди жана окуучуларыбыз тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Реабилитация борборуна баруу

2024-жылдын 29-ноябрында КАИ кызматкерлери жана студенттери Маловодное айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулук балдардын реабилитациялык борборуна барышты. Борбордун окуучуларына акчалай жардамдар азык-түлүк, кийим-кече, оюнчук, таттуулар берилип, окуучуларыбыз тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен чакан концерттик программа тартууланды. Маалымат үчүн: 1992-жылдан бери БУУнун колдоосу астында өткөрүлүп келе жаткан Эл аралык майыптар күнү жыл сайын 3-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленип келет. Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык инклюзивациялоо менен байланышкан орчундуу маселелерди колдоону мобилизациялоо, майыптар туш болгон көйгөйлөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана бардыгы үчүн инклюзивдүү жана жеткиликтүү коомдун артыкчылыктарын көрсөтүү максатында белгиленет.

Маалымат үчүн
1992-жылдан бери БУУнун колдоосу астында өткөрүлүп келе жаткан Эл аралык майыптар күнү жыл сайын 3-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленип келет.

Фотосүрөттөр