13-ноябрь күнү «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төрага жарандык авиация чөйрөсүндө ишке ашырылган жана ишке ашып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан авиаторлор үчүн белгиленген өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, Манасбек Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жогорулашы менен бүгүнкү талаптарга жооп берген бүтүрүүчүлөргө муктаж экенин белгилеп, жаш студенттерди атайын дисциплиналарды жана практикалык даярдыкты тереңдетип үйрөнүүгө чакырды, келечекте кесиптик ишмердүүлүктү аткарууга даяр болуу үчүн.
