Жаңылыктар
cover image
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдактарды башкаруу борборунун кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды — 14-февралда Кыргыз авиация институтунда (ат. И. Абдраимов) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдактарды башкаруу борборунун кызматкерлерине «Программа первоначальной подготовки оператора беспилотных летательных аппаратов С0, С1, С2» боюнча даярдыктан өткөндүгү боюнча сертификаттар тапшырылды.

Курс жана мөөнөтү

Даярдоо курсу 2024-жылдын 10-январынан 19-январына чейин институттун базасында болду.

Окутуунун жыйынтыктары

Окутууну аяктагандан кийин куткаруучулар аталган аппаратар менен иштөөгө керектүү көндүмдөргө ээ болушту жана эмтихандардан ийгиликтүү өтүштү. Сертификаттарды тапшыруу учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери окутуучуларга берилген билимдер үчүн чоң ыраазычылыгын билдиришти жана мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты каалашты.

БПЛАнын мааниси

Бүгүнкү күндө табигый кырсыктарда жана өзгөчө кырдаалдарда көйгөйлөрдү чечүүдө беспилоттук учуучу аппараттар эффективдүү жана өнүгүп жаткан технологиялардын бири болуп саналат.