Кызматташтык
cover image
2016-жылы Кыргыз авиациялык колледжи Комсомольск-на-Амуре мамлекеттик университети (КнАГУ) менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. — Келишимге ылайык, ар жылы колледждин бүтүрүүчүлөрүнө Россия Федерациясынын бюджетинин эсебинен окууга мүмкіндік берилет.

Кызматташтыктын жыйынтыктары

Кызматташтык натыйжасында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин 25тен ашык бүтүрүүчүсүнө Россиянын жогорку окуу жайында авиациялык жогорку билим алуунун мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү

  • 1Адилет Сулайманов
  • 2Бексултан Усупбаев
  • 3Дамир Дуйшенов
  • 4Жоомарт Искендеров
  • 5Ильгиз Божоев
  • 6Төрөбек Тагайбеков
  • 7Чынгыз Мухамбетов

2021-жылы Кыргыз авиациялык колледжинин алгачкы жетинчи бүтүрүүчүлөрү — Адилет Сулайманов, Бексултан Усупбаев, Дамир Дуйшенов, Жоомарт Искендеров, Ильгиз Божоев, Төрөбек Тагайбеков жана Чынгыз Мухамбетов — КнАГУда «Авиакурулуш» багыты боюнча бакалавр даражасына ээ болушту, ал эми экөө магистратурага бюджеттик негизде кабыл алынды.

Пландар жана демилгелер

Бул жылы да биздин бүтүрүүчүлөрдү КнАГУга жөнөтүү пландалууда. Бул жылы Кыргыз авиация институтунун директору Улан Эсембекович Курмановдун демилгеси менен Кыргыз авиация институту КнАГУ менен жаңы келишимге кол коюп, келишимге ылайык магистратура үчүн жана жаш окутуучуларыбыз үчүн акысыз окуу орундары каралат.

Ректор Улан Эсембекович Курманов жана орун басары Аида Музиновна Эмчиева бүтүрүүчүлөрдү куттуктап ийгилик каалашты.