"Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан"

"Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" 2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" аттуу салтанаттуу иш-чара Авиаинституттун жаны ачылган чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Иш чарага Авиаинституттун профессордук-окуутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Салтанатту иш-чараны Авиаинституттун директору Улан Курманов ачып берип, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кетти. Ошондой эле, көрүүчүлөргө студенттер жана мугалимдер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.