
Космонавтика жана ракеталык курулуш лабораториясы — И. Абдраимов атындагы Кыргыз аба транспорту институтунун түзүмдүк бөлүмү.
Жетекчилик
Лабораториянын жетекчиси — Дмитрий Викторович Бобылев.
Документтер
Космонавтика жана ракеталык курулуш лабораториясы жөнүндө ЖАРЫЯЛАМА
Космонавтика жана ракеталык курулуш лабораториясынын 2021-2022 окуу жылы үчүн иш планын ►
Иштин максаты
- 1билим берүү менен илимдин байланышын камсыздоого көмөктөшүү,
- 2студенттерди илимий изилдөөлөргө тартуу,
- 3студенттерди аэрокосмостук техника жана технологиялар жаатындагы тажрыйба-конструктордук иш-чараларга тартуу.
Милдеттер
- 1эксперименталдык изилдөөлөрдү өткөрүү,
- 2студенттердин илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү,
- 3тажрыйба-конструктордук иштеп чыгуу жана илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатуу,
- 4эксперименталдык конструкцияларды идеядан макетке жана тажрыйбалуу нускага чейин иштеп чыгуу,
- 5студенттердин конструктордук, дизайнерлик жана технологиялык көндүмдөрүн өнүктүрүү, алардын чеберчилигин жогорулатуу,
- 6ракет куруунун материалдык-техникалык базасын, идеяларын жана багыттарын жакшыртуу жана өнүктүрүү,
- 7жаштар арасында ракет курууну популяризациялоо,
- 8мектеп окуучулары үчүн ракетомодельдик секциялардын уюштурулушу жана өткөрүлүшү боюнча инструктоорлорду даярдоо,
- 9ракетомодель спорт командасын түзүүгө көмөк көрсөтүү.

