Шрифттин өлчөмү

Сайттын түсү

Сүрөт

Кепти синтездөө

Орнотуулар

Лаборатория
cover image
Социологиялык изилдөөлөр лабораториясы — Табигый илимий дисциплиналар кафедрасынын түзүмдүк бөлүмү. Ал 2021-жылдын сентябрь айында түзүлгөн.

Документтер

Положение о Лаборатории социологических исследований
2021–2022 окуу жылына план

Максаты

Кыргыз авиация институтунун (им. И. Абдраимова) социалдык, экономикалык, саясий жана социомаданий чөйрөлөрүнө тиешелүү маселелер боюнча социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү.

Приоритеттүү милдеттер

  • 1Социалдык-экономикалык, саясий жана социокультуралык мамилелерди, массалык жүрүм-турумду жана коомдук пикирди талдоого багытталган илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жүргүзүү.
  • 2Институттук маанидеги колдонмо жана инновациялык социалдык долбоорлорду түзүү жана аларга катышуу.
  • 3Окутуу-усулдук, окуу жана окуудан тышкары иштерди мониторингдөө.
  • 4Коомдук мамилелерди жана процесстерди, массалык жүрүм-турумду жана аң-сезимди социалдык талдоо багытында илимий-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруу.
  • 5Башкаруу жана администрирование, билим берүү, маркетинг, маданий коммуникация жана башка чөйрөлөр үчүн университеттин социологиялык маалыматка жана социалдык компоненттеги маалыматтык продукттарга болгон муктаждыктарын канааттандыруу.
  • 6Колдонмо, маркетингдик жана инновациялык социалдык изилдөөлөрдү жана долбоорлорду уюштуруу жана өткөрүү.

Ишмердүүлүк

Лабораториянын ишмердүүлүгү студенттер менен иштегенде кафедралар жана циклдик комиссиялар, ошондой эле университеттин ички тапшырмаларын аткарууда окуу-усулдук иштер боюнча орун басар менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүлөрү пландалууда.

План
Лабораториянын биринчи иши мониторингдик социологиялык изилдөө: «КАИнын биринчи курс студенттеринин социалдык портрети: түшүү мотивдери жана студентик чөйрөгө адаптация маселелери» болору пландалууда.